Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары С.М. Рысалиев Жалал-Абад шаарындагы дүң жеткирүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жолукту

Новости
18-Март 2021-ж.
3924

2021-жылдын 17-мартында Жала-Абад шаарында КР Экономика жана финансы министринин орун басары С.М.Рысалиев, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Н.Т. Мойдинов, КР ЭФМ РАББ Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы С.М.Багышев дүң жеткирүүчүлөр (ун, шекер, күн карама майы, жумуртка жана эт) менен жолугушту. Жалал-Абад шаарынын базарларында социалдык-маанилүү товарларга болгон бааларга мониторинг жүргүзүлгөн.

Мониторинг учурунда төмөнкүлөр аныкталды:

- Казакстан Республикасынан өндүрүлгөн 1-сорттогу ундун 1 мүшөгү (50 кг) 1600 сом-1700 сом;

- Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөн 1-сорттогу ундун (Марьям, Целина) 1 мүшөгү (50 кг) 1500 сом;

- Кыргыз Республикасынан өндүрүлгөн 2-сорттогу ундун 1 мүшөгү (50 кг) 1150-1225 сом;

Күн карама майы 145 сомдон 150 сомго чейин;

Тоок жумурткасы, 10 даана 90 сомдон 110 сомго чейин;

Кумшекер, 1 кг 65-67 сом.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад шаарынын рынокторунда социалдык маанилүү товарлардын тартыштыгы байкалган эмес, кампаларда биринчи кезекте керектелүүчү тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү санда.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө дүң жеткирүүчүлөр жана сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, социалдык мааниге ээ болгон товарлардын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу иштери жүргүзүлдү.


Онлайн кайрылуу