КР вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Кармышаковдун Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Б.Султанов менен жолугушуусу болду

Новости
15-Март 2021-ж.
3196

2021-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Кармышаковдун Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Б.Султанов менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Министр У.Кармышаков коронавирус инфекциясынын жайылышы эки мамлекеттин соода-экономикалык мамилелерине терс таасирин тийгизгендигине байланыштуу эки тараптуу сооданы 1 миллиард АКШ долл. чейин көбөйтүү боюнча мурда жетишилген келишимдер аткарылбай жаткандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда, тараптар эпидемиологиялык кризистин кесепеттерин жоюу үчүн эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, потенциалды арттыруу жана мамлекет башчылары койгон милдеттерди ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди жумшоону макулдашты.

Товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн алкагында Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министри Б.Султанов казак тараптын 200 патрулдук автоунаасын жана 250 автобусту, ошондой эле “Airbus” жеңил вертолетторун жеткирүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн премьер-министрлеринин төрагалыгы астында кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү маселесин талкуулашты. 

Ошол эле учурда Тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды жана диалогду жөнгө салуу боюнча таасирдүү инструмент болуп саналган ишкерлер кеңешинин ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу