КР ЭМ статс-катчысынын Бангладеш Республикасынын делегациясы менен жолугушуусунда эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын перспективалары каралды.

Новости
30-Сентябрь 2013-ж.
2282

"IMG2013-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде статс-катчы Айдай Курманованын Бангладеш Республикасынын делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү, анда мамлекеттик органдардын жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү да катышышты.

Экономика министрлигинин статс-катчысы А.Курманова белгилегендей, эки мамлекеттин ортосундагы тышкы соода негизинен өсүмдүк текстиль булалары жана токума, текстиль кийимдеринин эсебинен жүргүзүлөт. 2013-жылдын 7 айына Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Республикасынын ортосундагы товар айлануу 2012-жылдын 7 айына караганда 0,4 млн.долларды түзүп, 33%га жогорулады, анын ичинде импорт 0,2 млн.долларды түздү (34%га төмөндөдү) жана экспорттук жеткирүүлөр авиакеросиндин эсебинен 0,2 млн. АКШ доллар суммасында жүргүзүлдү (2012-жылдын ошол эле учурунда экспорт жүргүзүлгөн эмес).

Бангладеш Республикасынан келген чет элдик түз инвестициялардын динамикасы туруктуу мүнөзгө ээ эмес. Бирок, 2005-жылдан 2012-жылга чейинки мөөнөттө жогорулоо болду. Бангладештен Кыргыз Республикасына келген чет элдик инвестициялардын көлөмү 2005-жылга салыштырмалуу 2012-жылы 40,2 эсе жогорулады.
Ошону менен бирге Экономика министрлигинин статс-катчысы мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да өнүгүп кетүүсүнө үмүтүн билдирип өттү.

Өз кезегинде Бангладеш тарап белгилегендей, мамлекет динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы менен агрардык - өнөр жайлуу болуп эсептелет. Экспорттун негизги статьяларынын аттарын атап өтүштү, алар: кийим, джут, тери, балык жана деңиз продуктулары, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсү менен кызматташууга даярдыгын да билдиришти.

"IMGБул жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын перспективалары, анын ичинде Соода – экономикалык кызматташтык жөнүндө келишим жана Кош салык төлөөдөн качуу тууралуу келишим долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуулары каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу