Кыргыз Республикасы Сауд Аравиясы менен соода-экономикалык мамилелерди арттырууга кызыкдар

Новости
11-Март 2021-ж.
4010

2021-жылдын 3-мартында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюму) штаб-квартирасында Кыргыз Республикасы Сауд Арабия Падышачылыгынын соода саясатынын үчүнчү саресебине катышты. Соода саясатына сереп жүргүзүүнүн механизми айрым өлкөлөрдүн соода саясатын жүргүзүү жана алар тарабынан ДСУнун эрежелерин, ченемдерин жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн ДСУга мүчө бардык өлкөлөр тарабынан жамааттык мониторинг жүргүзүү системасын билдирет.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышачылыгынын ортосундагы эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык акырындык менен жана туруктуу өнүгүүдө. Саресептин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы өлкөлөр ортосунда кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комитет түзүлгөнүн, анын максаты өлкөлөр ортосундагы мамилелерди тереңдетүү экендигин белгиледи. Кыргызстан менен Сауд Арабиясы мамилени чыңдоону жана өнүктүрүүнү улантуу менен 2019-жылы кызматташуу жөнүндө протоколго кол койгон. Протокол соода, коопсуздук, энергетика, саламаттыкты сактоо, экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөр, ошондой эле туризм сыяктуу тармактарды камтыйт.

Эки тараптуу кызматташуудан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясы БУУ, ДСУ жана Ислам Өнүктүрүү Банкы сыяктуу эл аралык уюмдардын жана демилгелердин алкагында көп тараптуу негизде тыгыз кызматташууну улантууда.

Саресептин жүрүшүнө ДСУ маселелери боюнча КР Экономика министрлигинин өкүлү Н.Максутов катышып, сөз сүйлөдү, Сауд Аравиясын Кыргыз Республикасы үчүн ишенимдүү соода өнөктөшү катары белгиледи жана Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондон бери Сауд Аравиясы өзүн көп тараптуу соода тутумун жана Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерин либералдаштырууну бекем карманган мүчө өлкө катары көрсөткөндүгүн баса белгиледи, буга Сауд Аравиясы ТРИПС протоколун кабыл алып, Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууну ратификациялаганы далил.

Н.Максутов белгилегендей эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана өнөктөштүк мамилелер акырындык менен бекемдөө мүнөзүнө ээ, буга эки өлкөнүн делегацияларынын өз ара негиздеги үзгүлтүксүз жана жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарлары далил, бул эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестиция маселелерин талкуулоого ыңгайлуу шарттарды түзөт. Акыркы расмий сапарлардын катарында 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Сауд Аравия Падышачылыгына жасаган расмий иш сапары бар, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы мамилелердин мындан ары өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүчү бир катар документтерге кол коюлган.

Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча, Кыргызстандын өкүлү мамлекеттер өз ара пайдалуу өз ара сооданы түзүшкөндүгүн, ал эми 2016-2019-жылдар аралыгында өз ара соода жүгүртүү оң динамиканы көрсөтүп жаткандыгын айтты.

Кызмат көрсөтүү соодасына байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкүлү туризм кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү соода байланыштарынын потенциалын чыңдоо үчүн жагымдуу сектор болуп бере тургандыгын белгиледи.

Өз сөзүнүн аягында Кыргыз Республикасы соода саясатына сересепти ийгиликтүү жүргүзүүнү каалап, мындан ары кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мүчө өлкөлөр Сауд Аравиясы тарабынан өткөрүлгөн соода жаатындагы реформаларга оң баа беришти жана Соода саясатына сересептин ийгиликтүү өтүшүн каалашты.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Соода саясатына үчүнчү саресеп жүргүзүү 2021-жылдын 18-20-майына пландаштырылды. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана ага тийиштүү ведомстволор тарабынан жогоруда аталган саресепти сапаттуу деңгээлде өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу