Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Социалдык маанидеги товарлардын бааларын кармап туруу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
05-Март 2021-ж.
3969

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүшүн кармап туруу боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан  Рыноктор, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар ассоциациясы, Фрунзе, Глобус, Народный ж.б. соода түйүндөрү, Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнүн (өндүрүүчүлөрүнүн жана дистрибьюторлорунун) ассоциациясы, КР кантты өнөр жайлык керектөөчүлөр ассоциациясы жана башка азык-түлүк товарларын  жеткирүүчүлөрдү катышуусунда бир катар жолугушуулар өткөрүлгөн.

Жолугушуулардын жүрүшүндөгү талкуунун жыйынтыгында соода  түйүндөрүн түзүү жолу менен азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүргүзгөн чарбалык субъектилердин (“Народный СҮ” ЖЧК - Глобус жана Народный соода тармактары, “Партнер Кей Джи” ЖАК - Фрунзе соода түйүнү) жана чарбакер субъекттер - азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар, жеткирүүчүлөр Ассоциациясы (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор), Доолот Трейдинг ЖЧК, Витал Виста ЖЧК, “Каинды Кант” ААК, “Кошой” ААК ортосунда Социалдык мааниге ээ товарлардын бааларын кармап туруу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду, ал 2021-жылдын 9-мартынан тартып күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот. 

Макулдашуунун катышуучулары калктын азык-түлүк товарларын туруктуу баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө милдеттенишет.

Макулдашуунун предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз);

1-сорттогу;

кумшекер;

- 1-сорттогу ундан жасалган нан.

Жеткирүүчүлөр Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген же ар бир соода уюму менен Макулдашуу күчүндө болгон мезгилде, келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө товарларды сатуу бааларын белгилөөгө жана аны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде көрсөтүлгөн бааларды жогорулатпоого милдеттенишет.

Соода уюму товарларды сатууда Макулдашуунун тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө чекене бааларды белгилөөгө жана Макулдашууну колдонулуп жаткан мезгилинде көрсөтүлгөн бааларды көтөрбөөгө милдеттенет.

Аталган продукцияларды КР аймагындагы соода түйүндөрүндө сатуу Макулдашууда белгиленген чекене баалар боюнча жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Макулдашууга кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Маанилүү тамак-аш азыктарынын тизмеси жана баалардын  шарттары

Аталышы 

Сатуу баасынын шарттары

Чекене баанын шарттары

1

 Рафинаддалган  күн карама майы

(4 артикул биринчи баа сегментинде)

Үстөк баа 5% дан көп эмес (соода түйүндөрүнө чейин жеткирүү жана жеткирүүчүлөрдүн эсебинен башка чыгымдар)

Үстөк баа 5% дан көп эмес 

2

Кумшекер 

2020-жылдын сезонунда өндүрүлгөн шекердин туруктуу сатуу баасы КР-54 сом / тармактар үчүн 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде ай сайын ар бир соода түйүнүнө 200 тоннадан.

лоялдуулук картасы менен сатып алууда сооданын үстөк баасы кошмо баасы 3% дан ашык эмес

лоялдуулук картасы жок сатып алууда, үстөк баа 10% дан ашпайт

3

1-сорт уну

артикул биринчи баа сегментинде: 

артикул 1 кг жана 2 артикулдагы фасовкада 5 кг) 

5% дан ашык эмес өздүк наркка үстөк баа (соода түйүндөрүнө чейин жеткирүү жана жеткирүүчүлөрдүн эсебинен башка чыгымдар)


Үстөк баа 5% 


4

1 сорттогу ундан жасалган  нан ( салмагы 380 гр.)


Социалдык баасы 16 сом






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу