КР Экономика министри ТАР посолу менен жолугушуп, экономикалык кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты.

Новости
26-Сентябрь 2013-ж.
2405

2013-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде КР Экономика министри Темир Сариевдин Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) Атайын жана ыйгарым укуктуу Посолу Шириш Манаклал Сони мырза менен жолугушуусу болуп өттү.

Т.Сариев, Ш.М.Сони мырза менен саламдашып жатып жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттерге укуктук – келишим базасын түзүү маанилүү экенидигин белгиледи.

Бул жолугушуунун алкагында эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын перспективалары каралды, анын ичинде түштүк африка тарапка бизнес-форумдарды өткөрүү, тоо кен казуу тармагында жана туризмди өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Түштүк Африка тарап кызматташтыктын тоо кен казуу өнөр жай, транспорт, туризм, зергерчилик сектору чөйрөлөрүн өнүктүрүүнү сунуштады. ТАР посолу Кыргызстандагы пайдалуу кен чыккан жерлерин ТАРдын ири алтын кен казып чыгаруучу компаниялары менен иштетүү кызыкчылыгын билдирди.

Андан сырткары Посол, 2014-жылы кыргыз делегациясына жана кыргыз бизнесмендерине тоо кен казуу жана туризм чөйрөсүндө жыл сайын февраль жана май айларында өткөрүлүүчү конференцияга катышып кетүүнү сунуштады.

Тараптар жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жана эки жактуу мамилелерди өнүктүрүү перспективаларын талкуулагандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу