Эл аралык GlobalG.A.P стандартынын негизинде жаңы айыл чарба продукцияларынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү

Новости
01-Март 2021-ж.
2964

2021-жылдын 26-февралында Эл аралык GlobalG.A.P стандартынын негизинде жаңы айыл чарба продукцияларынын азык-түлүк коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук жумушчу тобунун (УЖТ) жыйыны Европа Бирлигинин делегациясынын, Борбордук Азиядагы кесиптик консультанттар бирлигинин (Хилфсверк Интернешнал) миссиясынын жана Кесиптик консультанттар бирлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин 2020-жылдын 17-декабрындагы №37 буйругу менен түзүлгөн жана бекитилген, анын курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, илимий уюмдардын, тармактык ассоциациялардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жана консультанттар кирген.

УЖТ иши айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жогорулатууга, тамак аш коопсуздугун камсыз кылууга жана GlobalG.A.P. талаптарын өндүрүштүк практикада ишке ашыруу үчүн алдын-ала институционалдык шарттарды түзүүгө багытталган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу