Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын лабораториялык системасы жөнүндө маалымдайт.

Новости
30-Сентябрь 2013-ж.
2405

Техникалык регламенттердин кабыл алынышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кириши үчүн продукцияларга коюлган талаптар жана шайкештикти тастыктоонун жол-жоболорун гармонизациялоо, Бажы союзунун талабына ылайык келтирүү, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алдында алынган убадаларды аткаруу менен соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана өлкөдө атаандаштыктарды күчөтүү өтө маанилүү.

Техникалык регламенттер жана шайкештикти аткаруунун методтору эл аралык соодада маанилүү болуп эсептелет. Өндүрүүчүлөр өздөрүнүн чыгарган продукцияларына, чет элдик рыноктордо коюлган талаптар боюнча маалыматтарды билиши керек, ал эми чет өлкөдөн товар ташып кирүүчүлөр алып келген товарлары техникалык регламенттердин талабына ылайык келишине кепилдик бериши керек.

Бажы союзунда техникалык регламенттердин кабыл алынышы менен, биздин өндүрүчүлөр ал жакка продукцияларын жеткирүүдө ашыкча кыйынчылыктарга туш келүүдө, себеби республикадагы лабораториялар Бажы союзунун кабыл алынган техникалык регламенттеринин талабына дал келүүчү коопсуздуктар боюнча сыноо өткөрүүгө мүнкүнчүлүк бере турган толук керектүү сыноочу жабдуулар менен камсыз эмес, бул Бажы союзунун рынокторуна биздин өлкөдөн продукцияларды жеткирүүгө тоскоол болууда жана баалардын жогорулашына алып келүүдө.

Азыркы убакта республикада мамлекеттик, жеке менчик жана аралаш ар түрлүү багыттагы сыноо лабораториялары үчүн бирдей шарт түзүгөн. Министрлик, КыргызРеспубликасын мыйзамдарында мамлекеттик, жеке менчик же аралаш лабораторияларды түзүү үчүн өзгөчө шарт каралган эместигин белгилеп кетет.
Ушул убакта өлкөдө сыноо базасы төмөнкү (начар) абалда, лабораториялардын жабдуулары экономиканын талабын камсыздандырбайт, колдонулуп жаткан сыноо жабдуулары мындан бир топ жыл мурда алынган, ошондуктан алар жалаң гана моралдык жактан экирбестен жана физикалык жактан да эскирген.

Ошондуктан техникалык компетенттүү деңгээли бар лабораторияларды камтыган мамлекеттик жана жеке менчик лабораториялар системасын өнүктүрүү, сапат жана соодадагы тосколдуктарды чечүүдө жана атаандаштыкты камсыздоодо негизги мааниге ээ. Ошондой эле өндүрүүчөр мамлекеттик же жеке менчик лабораториянын көрсөткөн кызматын тандап алуу мүнкүнчүлүгүнө ээ болуусу зарыл.

Продукцияларды өндүрүү жана аны таратуу негизинен Бажы союзунун өлкөлөрүндө жүргүзүлгөнүн эске алып, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын лабораторияларынын сыноо жыйынтыгын эл аралык денгээлде таануу жана кабыл алуу жолу менен продукция өндүрүүчүлөр үчүн чыгымдарды кыскартуу, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу максатында Кыргызстандын лаборатория системасын модернизациялоо боюнча стратегиялык план иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ЮСАИД жергиликтүү өнүктүрүү программасынын жардамы менен жумушчу топ түздү. Бул жумушчу топко мамлекеттик структуралардын бизнес жана донордук организациялардын өкүлдөрү киришти.

Жумушчу топ улуттук лаборатория системасынын азыркы абалына эксперттик анализ жүргүзүп, эл аралык стандартка туура келүүчү продукциянын баардык милдеттүү түрдө аткарылуучу параметрлерине тестирлөө жүргүзүү үчүн анын керектөөсүнө баалоо жүргүзөт, ошону менен бирге БС техникалык регламеттеринин талабына ылайык келишин аныктайт.

Мындан сырткары, мамлекеттик жана жеке менчик лабораториялардын жалпы баалоо деңгээлин, жакшыртуу боюнча сунуштарын камтыган Кыргызстандын лаборатория системасын модернизациялоо бюнча стратегиялык план иштелип чыгат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу