Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында РФ тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюулду

Новости
26-Февраль 2021-ж.
3147

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында РФ тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюулду.

2021-жылдын 24-25-февралында КР Президенти С.Н. Жапаровдун РФга болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо системасын түзүү максатында РФ тарабынан Кыргыз Республикасына кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюулду.

Кыргыз тараптан расмий документке Вице-премьер министр - КР Экономика жана финансы министри У.Т Кармышаков кол койду.

Россия тараптан расмий документке Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Д.В. Мантуров кол койду.

Аталган документке кол коюу менен Кыргыз Республикасында товарларды санариптик маркалоо боюнча маалымат системасы түзүлүп, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштар чыңдалат, бул мындан ары эл аралык аренада биргелешкен кызыкчылыктарга көмөктөшөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу