Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” Мамлекеттик ишканасынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын ортосундагы “Өз ара аракеттешүү жана электрондук маалымат алмашуу жөнүндө” макулдашуус

Новости
30-Сентябрь 2013-ж.
2135

"okno"2013-жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” Мамлекеттик ишканасынын (КР ЭМ алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” МИ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын (КРӨ алдындагы МБК) ортосундагы “Өз ара аракеттешүү жана электрондук маалымат алмашуу жөнүндө” макулдашуусуна кол коюлду.

КР ЭМ алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” МИ жана КРӨ алдындагы МБК маалыматтык системасынын ортосундагы “Өз ара аракеттешүү жана электрондук маалымат алмашуу жөнүндө” макулдашуунун негизги максаты болуп Бирдиктүү терезенин маалыматтык системасынын (мындан ары - БТМС) жана КРӨ алдындагы МБК бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын (мындан ары - БАМС) өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуу саналат.

КР ЭМ алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү бирдиктүү терезе” борбору” МИ жана КРӨ алдындагы МБК ортосундагы “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн, бул макулдашуу маалыматтарды жана документтерди электрондук форматта берүүдө жана алмашууда, маалыматтык өз ара аракеттешүүнүн тартибин жөнгө салат.

Макулдашуунун шарттарына ылайык МБК БАМС БТМСтен бажылык жазып – каттоо үчүн керектүү документтерди электрондук форматта кабыл алат, ал товарларды электрондук декларациялоого өткөрүү процессинде маанилүү кадам болуп эсептелет.

МБКнын жана тышкы соода чөйрөсүн жөнгө салган мамлекеттик жана башка органдардын ортосундагы “бирдиктүү терезе” принциби боюнча электрондук форматта өз ара аракеттешүүсү жана маалымат алмашуусу тышкы экономикалык ишкердүүлүктүн катышуучуларына бажылык жазып-каттоо убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет жана сооданын өнүгүүсүнө көмөк кошот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу