Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги коомдук талкуулоонун жана сунуштарды топтоонун башталгандыгы тууралуу билдирет

Новости
22-Февраль 2021-ж.
3027

Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө

БИЛДИРҮҮ

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги укуктук жөнгө салууну талкуулоонун жана кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоонун башталышы жөнүндө кабарлайт

1. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун багытталган проблемаларын баяндоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасына шайкеш келтирүү;

Шайкештикти баалоо органдарында сыноо лабораторияларынын жетишсиздиги сапаттуу эмес жана кооптуу продукциянын рыногуна катышууга алып келет.

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максатын (тиешелүү сандак жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен баяндоо) жана проблемаларды чечүү жолун баяндоо (негизги ченемдер).

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу көлөмдө сертификаттоо боюнча органды аккредитациялоо тармагына каралган объекттерди сыноону камсыз кылуучу сертификаттоо боюнча орган аккредиттелген лабораторияга жеке менчик, чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугуна ээ болгондугу жөнүндө жобону бекитүү:

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун күтүлүп жаткан пайдаларына жана артыкчылыктарына баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

- Сертификациялоочу иштерди жүргүзүү боюнча ишкерлер үчүн шарттарды түзүү.

- Коопсуз продукцияны ишке ашыруу жана жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо.

4. Мүмкүн болгон терс таасирлерин баалоо (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

16.02.21. карата абал боюнча 18 сертификациялоочу орган Бирдиктүү Реестрге киргизилген, бирок алардын бардыгы тең жетиштүү сыноо базасына ээ эмес. Мындай кошумчанын киргизилиши айрым органдардын реестрден чыгарылышына алып келет.

Дагы бир терс натыйжа - бул сыноо лабораторияларын техникалык жактан жабдуу үчүн сертификациялоо органдарынын кошумча чыгымдары.

5. Сунушталган жобонун адресаттары - ишкердик субъекттеринин мүнөздөмөлөрү жана санына баа берүү (тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен баяндоо):

- баалоо боюнча 13 жеке орган

6. Сунуш кылынган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан потенциалдуу даректеринин кошумча чыгымдарын жана пайдаларын болжолдуу баалоо:

Орточо алганда жабдууларды сатып алууга кеткен чыгымдар , персоналды окутуу 800000000 сомду түзөт

7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:

Ченем жаратуу процессин жүргүзүүгө мамлекеттик органдын чыгымдары

Маалыматты талкуулоо байланышы жана мөөнөттөрү:

1. Сунуштарды кабыл алуу:


электрондук почта боюнча

otr301@mail.ru

дареги

720002, Бишкек ш., Чуй проспект, 106;

2. Кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 9-мартына чейин 

3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруу мөөнөтү


18.02.2021


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу