Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык консультациялар болуп өттү

Новости
19-Февраль 2021-ж.
3275

2021-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык консультациялар болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясынын башчысы, экономика министринин орун басары С.М.Ахматов сөз сүйлөп, Германия Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын калкынын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлорду жана реформаларды жүзөгө ашырууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. С.М.Ахматов өз сөзүндө Германиянын Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири экендигин жана грант түрүндө каржылык жана техникалык кызматташтыктын алкагында расмий жардам көрсөтүп жаткандыгын билдирди.

Германиянын расмий жардамы салттуу эки негизги - туруктуу экономикалык өнүгүү жана саламаттыкты сактоо тармагында долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Ошол эле учурда, Германия Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагын колдогон ири донорлордун бири.

Тараптар учурдагы кызматташууну жана келечектеги багыттарды талкуулашты. Кыргыз тарап эки тараптуу гранттык жана техникалык кызматташтыкты улантуу зарылдыгын белгиледи.

Аталган консультациялар видеоконцеренцбайланыш форматында өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу