“Кыргыз Республикасынын аймагынан пайдаланууда болгон катализаторлорду, катализатордун курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу

Новости
17-Февраль 2021-ж.
3108

16-февралда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги “Кыргыз Республикасынын аймагынан пайдаланууда болгон катализаторлорду, катализатордун курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” КРӨнүн токтом долбоорун иштеп чыгуу жана укуктук жөнгө салууну талкуулоо боюнча кызыкдар тараптардын сунуштарын топтоо башталгандыгын жарыялады.

КР УСКнын маалыматы боюнча металл камтыган катализаторлордун, шлактардын, күлдөрдүн жана калдыктардын, ошондой эле катализатору бар шлак түтүктөрүнүн республикадан ташып чыгуу динамикасы прогрессивдүү өсүштү көрсөтүүдө, 2019-жылы мурунку жылга салыштырмалуу 113,62%, ал эми 2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу 979,69% көбөйгөн.

Долбоор катализаторлорду кайра сатуу үчүн автотранспорт каражаттарынан ыктыярдуу алынып салынышына жана уурдалышына жол бербөө, абаны жана экологияны жалпысынан жакшыртуу, ошону менен калктын ден-соолугун камсыз кылууну карайт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде министрлик тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29 жана 47-беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын аймагынан пайдаланууда болгон катализаторлорду, катализатордун курамындагы баалуу металлдардын шлактарын, күлүн жана калдыктарын ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты.

Сунуштар 2021-жылдын 2-мартына чейин кабыл алынат:

Тел.: 62-05-35 (+155),

Е-mail:utpmineconom@gmail.com

Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү 2021-жылдын 17-мартына чейин.

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу