МКМИнин жетекчилиги Молдованын Кишинев шаарындагы кезектеги КООМЕТ ТК 2 техникалык комитетинин отурумуна катышышты.

Новости
24-Сентябрь 2013-ж.
2462

"DSC06000"Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын (КР МЭ алдындагы МКМИ) мүдүрү Айнура Ахмеджанова 2013-жылдын 17-сентябрынан баштап 19-сентябрына чейин Молдованын Кишинев шаарында КООМЕТ ТК 2 “Метрология мыйзамы” техникалык комитетинин 14-отурумуна жана “Рынокту көзөмөлдөө жана инспекциалоо (метрология бөлүгүндө)” семинарына катышты.

Отурумдун жүрүшүндө төмөндөгү маселелер каралды: ТК 2 13-отурумунун чечимдерин анализдөө; ТК 2 ишин эсепке алуу менен КOOMET комитетинин 23-отурумунун жыйынтыгы; ТК, комитет алдындагы ПК 2.1 – ПК 2.4 составы; 2012-2013 -жылдарга ТК 2 Программасынын иштерин ишке ашыруу абалы (ПК өкүлдөрүнүн жана/же долбоорлордун координаторлорунун отчёттору) жана кызматташтыктын перспективалары; ПК 2.1 ишинин “Метрология мыйзамдар тармагындагы эрежелерди жана ченемдерди гармониялаштыруу” жана кызматташуу перспективасы; ПК 2.2 ишинин “Метрология мыйзамында ченөө аспаптарынын жана системаларынын технологиялары” жана кызматташуу перспективасы; ПК 2.3 ишинин “метрология мыйзам органдарынын иш билгилигин баалоо”; ПК 2.4 ишинин “Метрологиялык мыйзамынын көзөмөлү” жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташтыктын перспективалары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу