Экономика министринин м.а. С.Муканбетов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Б.Амреев мырза менен жолукту

Новости
29-Январь 2021-ж.
3034

2021-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин м.а. С.Муканбетов Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Б.Амреев мырза менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк Кеңешинин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле жакынкы келечекке пландаштырылган иш-чаралар талкууланды.

Б.Амреев мырза Түрк Кеңешинин өнүгүү перспективалары жөнүндө атап айтканда, уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө багытталган “Түрк көз карашы-2040” стратегиялык документинин долбоору жөнүндө маалымат берилди. 

Өз кезегинде министр Башкы катчынын сунуштарын колдоп, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги өзүнүн компетенциясынын чегинде стратегиялык документти иштеп чыгууда максималдуу жардам көрсөтөөрүн белгиледи.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Финансы министринин милдетин аткаруучу К.Мукашев, ТМКК Катчылыгынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу