БИЙЛИК/БИЗНЕС-БИР ЖОЛ диалог аянтчасынын биринчи жолугушуусу болуп өттү

Новости
28-Январь 2021-ж.
2964

КР Экономика министрлигинин региондор аралык башкы башкармалыгы билдирет:

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында БИЙЛИК/БИЗНЕС-БИР ЖОЛ диалог аянтчасынын биринчи жолугушуусу болуп өттү.

Бул иш-чара КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Жантаевдин, КР Экономика министрлигинин өкүлү жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Жолугушуунун негизги максаты - Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлордун демилгечилери менен тыгыз байланыш түзүү жана бизнестин проблемалуу маселелерин аныктоо жана аларды мамлекеттик органдар тарабынан чечүү.

БИЙЛИК/БИЗНЕС-БИР ЖОЛ диалог аянтчасын уюштуруу жолу менен жергиликтүү бийлик ишкерлерге мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ишкердүүлүктүн актуалдуу маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөйт. Ишкерлерден тышкары иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаар мэрлери, башка мамлекеттик органдардын жана жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу