⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

“Кыргыз Республикасында 20 мектептин курулушу” мамлекеттик - жеке өнөктөштүк долбоору

Новости
26-Январь 2021-ж.
5584

2018-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ) жана Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) тарабынан Кыргыз Республикасында 20 мектепти куруу жана андан ары кармоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча финансылык консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

2020-жылдын февраль айынан декабрь айына чейин IFC консультанттары техникалык-экономикалык негиздемени (мындан ары - ТЭН) даярдоо боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

2020-жылдын 30-декабрында IFC Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун өкүлдөрү менен видео-конференция байланышы аркылуу жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда IFC командасы бир нече айдан бери даярдап келген ТЭНдин негизги жыйынтыктары тааныштырган. 

Бүгүнкү күндө эл аралык IFC командасы ТЭН даярдоо боюнча ишти активдүү улантууда.