Суюк жана газ түрүндөгү көмүр-суутектерди ташуу үчүн магистралдык түтүктөргө техникалык регламент кабыл алынды

Новости
14-Январь 2021-ж.
3314

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин (ЕЭК) 2020-жылдын 23-декабрындагы №121 чечими менен “Суюк жана газ түрүндөгү көмүр-суутектерди ташуу үчүн магистралдык түтүктөргө талаптар жөнүндө” (049/2020 ЕАЭБ ТР) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенти бекитилген, ал 2021-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.

Регламенттин объекттерине төмөнкүлөр кирбейт:

- газ бөлүштүрүүчү жана газ керектөө түтүктөрү;

- автономдуу газ менен камсыздоо тармактарынын жана автомобиль газ толтуруучу компрессордук станцияларынын түтүктөрү;

- жеңил көмүрте-суутектердин жана суюлтулган көмүр-суутек газдарынын кеңири бөлүгүн ташуу үчүн түтүктөр;

- көмүр-суутек чийки заттарын казуунун жана/же кайра иштетүүнүн технологиялык процесстерин жүзөгө ашырууга жана камсыз кылууга арналган түтүктөр.

Белгиленген талаптардын сакталышын ырастоо шайкештикти баалоонун төмөнкүдөй формаларында ишке ашырылат:

- инженердик изилдөөлөрдүн натыйжалары менен долбоордук документтерди экспертизалоо (долбоорлоонун жүрүшүндө);

- курулуш контролу, автордук жана мамлекеттик көзөмөл (курулуштун же реконструкциялоонун жүрүшүндө);

- кабыл алуу (курулуш/реконструкция аяктаганда);

- эксплуатациялык контроль, мамкөзөмөл (эксплуатациялоодо);

- курулуш контролу жана автордук көзөмөл (утилдештирүүдө/жоюуда).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу