Экономика министри кеңешме өткөрдү

Новости
14-Январь 2021-ж.
3110

2021-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов Кыргыз Республикасынын мунай иштетүүчү заводдорунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү, ага Кыргыз Республикасындагы Климаттык өзгөрүүлөр борборунун, Кыргыз Республикасынын Климаттык каржылоо борборунун, БУУӨПтүн, “Ресурс Инжинирин” ЖЧКсынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө (013/2011 ББ ТР) Бажы бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп берген, 2023-жылдын 12-августуна карата экологиялык класстагы К4 жана К5 үлгүлөрүндөгү автомобиль бензининин жана дизелдик отунунун чыгарылышын камсыз кылуу маселелери, ошондой эле ишканалардын көйгөйлүү маселелери, технологиялык процесстерди модернизациялоо бөлүгүндө учурдагы кырдаал талкууланды жана аны чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору сунушталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу