Экономика министрлигинде КБК мүчөлөрү үчүн коррупцияга каршы туруу тренинги өтүп жатат.

Новости
24-Сентябрь 2013-ж.
2447

"IMGБүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Коррупцияга каршы туруу форумунун ишинин алкагында коррупцияга каршы саясат боюнча Коомдук байкоочу кеңеште (КБК) иштеп жаткан мүчөлөрү жана анын талапкерлери үчүн тренинг старт алды, ал 27-сентябрга (кошуп) чейин болот.

Тренингдин максаты болуп, коррупцияга каршы туруу программасынын жана министрликтерде, ведомстволордо коррупцияга каршы аракет кылуу боюнча Өкмөттүн планын ишке ашыруудан кийинки жыйынтыктарын сапаттуу мониторингдөө, анализдөө жана верификациялоо үчүн КБКнын дараметин жогорулатуу саналат.
Бул тренинг КБК Координациялык кеңешинин демилгеси боюнча, КР Экономика министрлигинин, ПРООН-USAID “Мамлекеттик бюджеттин тунуктугуна жардам көрсөтүү” долбоорунун жана КР Коррупцияга каршы туруу ишкердик кеңешинин жардамы менен өткөрүлүп жатат.

Тренингдин программасына ак ниеттүү башкаруунун принциптерине ылайык мамлекеттик органдардын ишинин негизги жана эң маанилүү аспекттери кошулду. Алар: коррупциялык коркунучтарын жана механизмдерин ачыкка чыгаруу, коррупцияга каршы аракет кылуунун укуктук чектери, ведомстволук коррупцияга каршы турган программаларды ишке ашыруу ж.б.

Белгилей кетчү нерсе КР Экономика министрлиги алдындагы Коррупцияны алдын алуу боюнча коррупцияга каршы туруу форуму (аянт) – бул мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдардын жана КР Өкмөтүнүн коррупцияга каршы иш чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча жарандык коомдун институттарынын ортосундагы бирдиктүү иштерин координациялоо боюнча коррупцияга каршы туруу аянтын билдирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу