Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна жана мамлекеттик-жеке-өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик өнөктөштөргө текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө

Новости
28-Декабрь 2020-ж.
3102

Мамлекеттик-жеке өнөктөштү өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук коргоону камсыздоо, ыйгарым укуктуу органдардын жеке жана мамлекеттик өнөктөштөрдүн ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна жана мамлекеттик-жеке-өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик өнөктөштөргө текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтом долбоору МЖӨ долбоорлору боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүнү чектөөгө жана жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

МЖӨ долбоорлорунун укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалык текшерүүлөр мамлекеттик органдарга жана жеке компанияларга моралдык жана психологиялык кысым көрсөтөт (долбоорду ишке ашырууда тендерден жеңип чыккандар).

Натыйжада, ийгиликтүү ишке ашырылган долбоорлордун санын көбөйтүү аркылуу анын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан колдоо талап кылынат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу