Соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
28-Декабрь 2020-ж.
3039

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр С.Т.Муканбетовдун төрагалыгы астында, Кеңештин мүчөлөрү - мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Онлайн режиминде “COVID-19 шартында соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн чечимдерди активдештирүү” күн тартиби менен өткөрүлгөн Кеңештин жыйынында Кеңештин төрагасы - КР Экономика министри жана тең төрагасы Г.Т.Ускенбаева сөз сүйлөштү.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Кеңештин катчылыгынын ДСУ соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча макулдашууда каралган 2020-жылы иш-чаралар планын аткаруу боюнча жасаган иштери тууралуу маалыматы каралды, ошондой эле соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кеңештин Катчылыгын жана жумушчу топторун активдештирүү жана күчөтүү жолдору сунушталды.

Мындан тышкары, 2021-2025-жылдарга карата соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жол картасы жөнүндө маалымат презентацияланды.

Ошондой эле, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү зарылдыгы менен байланышкан башка маселелер да каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу