КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун адистери беш күндүк окуу иш чарасына катышышты

Новости
24-Декабрь 2020-ж.
1917

КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун эки адиси Коломбо шаарындагы Шри-Ланка Аккредитациялоо боюнча органдын (SLAB) базасындагы APAC Азия-Тынч океан аккредитация боюнча кызматташтыгы тарабынан уюштурулган беш күндүк окуу иш чарасына катышышты. Окутуу 14.12.2020-ж. - 18.12. 2020-ж. Онлайн форматта өттү.

ISO/IEC 17021-1 жана ISO 50003: 2014 колдонуу, Энергоменеджмент системалары - сертификаттоочу органдардын аккредитациясы үчүн аудит жана энергоменеджмент системаларына сертификациялоо жүргүзүүчү органдарга карата талаптарды колдонуу боюнча тааныштыруу / аралык окутуу курсу өткөрүлдү, алар “Энергоменеджмент системасы - колдонуу боюнча талаптар жана колдонмолор” ISO / IEC 50001:2018 боюнча сертификаттоону камсыз кылат. Тренингдин максаты-аталган ишти жүргүзүп жаткан адистердин билим деңгээлин жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу.

Тренерлер:

- Динн Десаи айым - Джорджия Технологиялык Институтунун долбоор менеджери.

- Саманта Кумарасена мырза - Шри-Ланкада “Улуттук таза өндүрүш борбору компаниясынын директору.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу