Министрдин орун басары Э. Алишеров нааразычылык акциясынын катышуучулары менен жолугушуу өткөрдү

Новости
18-Декабрь 2020-ж.
3128

2020-жылдын 17-декабрында КР Экономика министрлигинин жетекчилиги жарандык активисттер: Катаганов А., Орозбаев М., Шерикбай уулу Т., Эшенкулов Т., Орозбай тегин Медербек Ырысбай уулу, Чолпонбаев. К. менен Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” (ББ ТР 013/2011) техникалык регламентин колдонуу тартибине байланыштуу жолукту.

Белгилүү болгондой, Бажы бирлигинин ББ ТР 013/2011 техникалык регламенти 2019-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирген. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын мунай иштетүүчү заводдору үчүн 2023-жылдын 12-августуна чейин өткөөл мезгил белгиленген. Демек, 2023-жылдын 12-августуна чейин алар улуттук мыйзамдарга ылайык шайкештик документтерин ала алышат.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна гана жайылтылат деп баса белгиленди.

Мында Кыргыз Республикасына ББ ТР 013/2011 техникалык регламентине ылайык келген, башкача айтканда, К4 жана К5 экологиялык класстан төмөн болбогон күйүүчү май алып келүүгө тийиш.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу түшүнүктү жоюу максатында, чечимдин долбоорунда бензинге жана дизелдик отунга шайкештикти баалоо документтерин берүү үчүн өткөөл мезгилди 2025-жылдын 12-августуна чейин узартуу Кыргыз Республикасынын мунай иштетүүчү заводдоруна гана тиешелүү экендигин көрсөтүү чечими кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу