Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап экспорттук, импорттук операцияларды жазып-каттоодо документтердин тизмеси кыскарат.

Новости
10-Сентябрь 2013-ж.
2468

КР Экономика министрлиги, 2013-жылдын 15-сентябрынан баштап экспорттук, импорттук операцияларды жазып-каттоодо бажы органдарына милдеттүү түрдө бериле турган документтердин тизмеси бир кыйла азаярын маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-августундагы №474 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы №961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому менен тышкы экономикалык иштерге байланыштуу жол жоболорго бир далай өзгөртүүлөр киргизилген.

Биринчи кезекте экспорт үчүн милдеттүү документтердин тизмеси башка бажы тартиптерден өзүнчө бөлүнгөн. Экспорт үчүн милдеттүү документтердин тизмеси минимумга чейин кыскартылган. Эми Өкмөттүн бул чечимине ылайык 2 документтин бар болуусу гана жетиштүү, алар: жеткизүү ыкмасына жараша инвойс (эсеп - фактура) жана товар – транспорттук документтер. Буларга экспорт үчүн КР мыйзам чыгаруу актылары менен уруксат берүү тартиби бекитилген бөтөнчө товарларды экспорттоо кирбейт.

Мындан тышкары, КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу электрондук формада декларациялоодо Тышкы соода чөйрөсүндө бирдиктүү терезе системасы аркылуу бул же тигил мамлекеттик орган менен берилген тастыктамалар жана уруксаттар жөнүндө маалыматтарды жана кабарларды алууга мүмкүндүк пайда болот. Ошону менен бирге экспортёрдон же анын өкүлүнөн жогоруда көрсөтүлгөн уруксаттарды суроо зарылчылыгы калып калат.

Иштеп чыгарылган ЧУАнын максаты болуп, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу жана мамлекеттин экспорттук дараметин өнүктүрүү саналат.
Бул Өкмөттүн токтому КР Экономика министрлиги тарабынан бизнес-коомдун (НАБА, Жеткирүү ассоциациясы), “Тышкы соода бирдиктүү терезе” Мамлекеттик иш канасынын, донордук коомдун (GIZ) жана КРӨ алдындагы Бажы кызматынын активдүү катышуусу менен иштелип чыккан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу