Бишкектеги абанын сапатын, жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн АӨБдүн жардамы

Новости
17-Декабрь 2020-ж.
3490

Азия өнүктүрүү банкы “Алматы - Бишкек экономикалык коридору” (АБЭК) демилгесинин алкагында борбордо жана ага жакын жайгашкан райондордо абанын сапатын жакшыртуу эсебинен шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу жана калктын ден-соолугун сактоо максатында “Clarity Node-S” абанын сапатын аныктоочу 50 датчикти тапшырды.

2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасындагы банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Кэндис МакДейган абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги (Кыргызгидромет) тарабынан сунушталган аткаруучу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметовдун, Кыргыз Республикасынын атынан АБЭК Подкомитетинин тең төрагасы/Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Султан Ахматовдун катышуусунда 50 приборду тапшырган.

АӨБ тарабынан гранттык негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө абанын сапатын өлчөөчү шаймандарды жеткирүүнүн жалпы суммасы болжол менен 90 миң АКШ долларын түзөт.

Абанын сапатын аныктоочу приборлор жаңы муундагы датчикке ээ, алар өзүнө күн батареяларын, тышкы факторлордон коргой тургун экранды камтып, реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин (http://meteo.kg/) жана АБЭКтын (https://www.almaty-bishkek.org) веб-сайттарына жиберип турат. Алынган маалыматтарды Кыргызгидромет өлкөдөгү абанын сапаты боюнча расмий жана ишенимдүү статистика катары пайдаланат.

Катуу бөлүкчөлөр (РМ1, РМ2.5, РМ10) жана азот кычкылын жабдуулар аркылуу өлчөө менен Бишкек шаарынын абасынын булганышынын негизги булактарын, анын ар кайсы райондорундагы калкына тийгизген таасирин аныктоого жардам берет. Натыйжада, бул абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет.

АӨБдүн, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Экономика министрлигинин, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун, Кыргызгидрометтин жана жеткирүүчү “Clarity Movement Co.” өнөктөштүгү Борбордук Азия регионунда жаңы муундагы абанын сапатын башкаруу боюнча бул чечимдин биринчи ири ишке ашырылышын көздөйт. Бишкек - Борбор Азия регионунда ушундай приборлорду алган биринчи шаар.

Бишкекте абанын сапатын өлчөөнү жакшыртуу үчүн колдоо көрсөтүү өтүнүчү мурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты тарабынан демилгеленип, Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун (АБЭК) алкагында Экономика министрлиги менен тыгыз координацияда ишке ашырылды.

АӨБ гүлдөп-өскөн, инклюзивдүү, жашоого туруктуу Азия - Тынч океан регионун курууга умтулуп, ошол эле учурда жакырчылыкты жоюу үчүн тынымсыз аракет кылып келет. 1966-жылы түзүлгөн АӨБ 67 мүчө-мамлекеттерди бириктирет,алардын ичинен 49у региондун өзүндө жайгашкан. Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) - бул Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташтык программасынын (БАРЭК) пилоттук демилгеси, регионалдык платформа Кыргыз Республикасын кошкондо 11 өлкө. АБЭК адамдарды, ишканаларды жана идеяларды бириктирип, биргеликте күчтүү болуп калышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу