“Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө”

Новости
15-Декабрь 2020-ж.
3180

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, республиканын жүк жана жүргүнчү ташуучулардын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме болуп өттү, анда Бажы Бирлигинин “Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө” ТР жаңы өзгөрүүлөрү жөнүндө маалымат берилди (ББ ТР 018/2011).

Ошондой эле, ЕАЭБ мамлекеттеринин позициялары жана Транспорт жана жол министрлиги тараптан ББ ТР 018/2011 талаптарын ишке ашыруунун жүрүшү, долбоорго карата шилтеме ченемдеринин аткарылышы жөнүндө жана ББ ТР 018/2011 карата №3 өзгөртүүлөрдүн долбоорун кароо жөнүндө билдирүү берилди.

Бул өзгөртүүлөрдө колдонулган агрегаттарды жана тетиктерди пайдаланууга тыюу салуу; эл аралык өндүрүүчүнүн идентификациялык коду ыйгарылбаган адамдар тарабынан М2 жана Мкатегорияларындагы транспорт каражаттарын, ошондой эле M1 жана Nкатегорияларындагы колдонулган транспорт каражаттарын (шасси) өзгөртүү жолу менен өндүрүү; транспорттук каражаттарды кооптуу жок кылууну камсыз кылуу боюнча талаптарды киргизүү; транспорт каражаттарын коопсуз утилдештирүүгө карата талаптарды киргизүү; БУУнун жаңы эрежелеринин талаптарын жана БУУнун колдонуудагы эрежелерине, анын ичинде 6-класстагы экологиялык талаптарга оңдоолорду киргизүү; кыймылдаткычтын санкциясыз иштетилишин (иммобилайзер) бөгөттөөнүн электрондук тутуму менен жабдуу боюнча айрым категориядагы бирдиктүү транспорт каражаттарына, антиблокировкалык тормоздук тутумуна (АБС), туруктуулукту контролдоонун электрондук тутумуна (ЭСКУ), айдоочу үчүн маңдайкы коопсуздук жаздыгына, балдарды тосуучу кошумча тиркөө тутумдарына (ISOFIX) талаптарды киргизүү каралган.

Ошол эле учурда, кошумча жабдуулар, мисалы, антенна, үстүндөгү багажник, фаркоп тийиштүү уруксат алгандан кийин гана орнотулат, ал шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар жана сыноо лабораториялары тарабынан берилиши керек.

Талкуунун жыйынтыгында, ББ ТР 018/2011 талаптарын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары - Транспорт жана жол министрлиги тарабынан № 3 ББ ТР 018/2011 долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жумушчу топтун жакынкы жыйынында Евразия экономикалык комиссиясына берүү үчүн бизнес-коомчулуктан түшкөн сунуштарды эске алуу менен КР позициясын даярдоо жөнүндө сунушу колдоого алынган.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу