Кара-Балта шаарындагы Мунай зат кайра иштетүүчү завод тестирлөө тартибинде киргизилип жатат.

Новости
05-Сентябрь 2013-ж.
2446

КР Өкмөтү менен 2013-жылдын 6-майында №167 бекитилген буйругуна ылайык Экономика министрлигинин Иш планына жана КР Экономика министрлиги жана Кытайдын «Борбор-Азия энергетикалык компания» компаниясынын ортосундагы 2012-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кызматташтык тууралуу меморандумуна ылайык Кара-Балта шаарында тестирлөө тартибинде киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Мунай зат кайра иштетүүчү заводун курууда 1-кезектеги курулуш-монтаждык жана атайын иштерин аяктагандыгына байланыштуу, Мунай зат кайра иштетүүчү заводдун жабдууларын комплекстүү сыноо, объекттин даярдыгын текшерүү (аракетке келтирүү-оңдоо) боюнча иш комиссиясы болуп өттү. Жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечим кабыл алынган: Көрсөтүлгөн жабдуулардын монтаж иштери долбоорго, стандарттарга, курулуш ченемдери жана эрежелерге, техникалык шарттарга ылайык аткарылган жана аны комплекстүү сыноо өткөрүү талаптарына жооп берет.

Мунай зат кайра иштетүүчү завод тестирлөө тартибинде киргизилип жатат. Ушул жылдын 20-октябрына заводду толук бүтүрүү пландалууда.
Кыргыз Республикасы үчүн, жергиликтүү калкты иш орундары менен камсыз кылган жана республиканын казынасына салмактуу салым кошкон, жылына кубаттуулугу 800,0 миң тонна даяр продукция бере турган заводду куруу маанилүү инвестициялык долбоор болуп саналат.

Кыргызстандын рыногуна бензин, жайкы жана кышкы дизель отуну, суюк газ жана башка нефтепродуктулар келип турат, ал Кыргыз Республикасынын сырттан алынып келген күйүүчү-майлоо материалдарынан көз каранды маселесин 60 жогору %га чечет.
Инвестициянын жалпы көлөмү 300,0 млн. АКШ доллар айланасын түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу