Техникалык регламенттин күчүнө кирүү мөөнөттөрүн узартуу боюнча түшүндүрмөлөр

Новости
14-Декабрь 2020-ж.
3526

Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” техникалык регламенти (ББ ТР 013/2011) Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кирген. 

ЕЭК Коллегиясы ар бир техникалык регламенттерди колдонуунун жол-жобосун белгилейт, башкача айтканда, белгилүү бир өткөөл мезгил, анда продукция өндүрүүчүлөр техникалык регламенттин талаптарына жооп берген продукцияны өндүрүүнү камсыз кылышы керек.

Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” техникалык жөнгө салуу боюнча өткөөл мезгил 2021-жылдын 12-августуна чейин белгиленген.

Бирок, ата мекендик мунайды кайра иштетүүчү ишканалардын К4 жана К5 экологиялык класстагы бензинди жана дизель отунун өндүрүүгө даяр эместигине байланыштуу жана ишканалардын токтоп калуусун болтурбоо үчүн өткөөл мезгилдин мөөнөтү 2023-жылдын 12-августуна чейин узартылган.

Ошентип, ата мекендик өндүрүүчүлөр 2023-жылдын 12-августуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында жана үчүнчү өлкөлөрдө мунай продуктуларын өндүрүп, жүгүртүүгө киргизе алышат, алардын шайкештиги улуттук мыйзамдар менен тастыкталган.

2023-жылдын 12-августуна чейин өндүрүштү модернизациялоо боюнча иштер аяктабай тургандыгы боюнча мунай продуктуларын негизги өндүрүүчүлөрдүн кайрылуусуна байланыштуу 2025-жылдын 12-августуна чейин өткөөл мезгилдерди узартуу жөнүндө сунуштар ЕЭКке киргизилген.

К4 жана К5 экологиялык класстарындагы бензин жана дизелдик отун ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргыз Республикасына алынып келинет, башкача айтканда Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” техникалык регламенттеринин талаптарын канааттандыруу менен алынып келинет (ББ ТР 013/2011), анткени Бажы бирлигинин “Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлган талаптар жөнүндө” техникалык регламенти (ББ ТР 013/2011) ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде колдонулат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу