Экономика министрлигинин өкүлдөрү “КЭР, Гуанчжоу шаарындагы 114 - Импорттук жана экспорттук товарлардын Эл аралык көргөзмө-жармаңкеси” презентациясына катышышты.

Новости
02-Сентябрь 2013-ж.
2391

2013-жылдын 30-августунда «Хайятт Ридженси Бишкек» мейманканасында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Сырткы соода борборунун “КЭР, Гуанчжоу шаарындагы 114 - Импорттук жана экспорттук товарлардын Эл аралык көргөзмө-жармаңкеси” презентациясы болуп өттү, ага КР Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана ишкерлер катышышты.

Бул жолугушууда КР жана КЭР соода – экономикалык мамилелери тууралуу маалыматы менен Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын (ТРАБ) башчысы Жумалиев Зайнидин чыгып сүйлөдү, ал ошону менен бирге республиканын экономикасын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча дагы маалымат берип өттү.

Талкуулоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасы жана Кытайдын Сырткы соода борбору менен кызматташтык жөнүндө Келишимге кол коюлган.
Кытайдын Сырткы соода борборунун өкүлдөрү кыргыздын ишкерлерин Кытайдагы эң чоң импорттук жана экспорттук товарлардын эл аралык “Кантондук жармаңке” көргөзмө-жармаңкесине катышканга чакырышты жана ошону менен бирге жармаңкеге катышуунун жана боло турган иш чаралардын шарттарын кыскача баяндап беришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу