Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
09-Декабрь 2020-ж.
3024

2020-жылдын 4-декабрында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (мындан ары - ЕӨАК, Өкмөттөр аралык кеңеш) жыйыны видеоконференция форматында өттү.

Жыйында Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү 9 маселени карашты.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү тарабынан 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуу максатында товарлардын айрым түрлөрү чыккан өлкөнү аныктоо эрежелери, ЕАЭБдин ички рыногунда 2021-2022-жылдары жоюлууга тийиш болгон алып салуулардын жана чектөөлөрдүн тизмеси, Бирдиктүү бажы-тарифтик жөнгө салуу маселелери, ошондой эле ЕАЭБ алкагында курулуш чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштешин камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы каралды.

Жыйынтыгында төмөнкүлөр талкууланды жана бекитилди:

- 2021-2022-жылдарда жоюлууга тийиш болгон Бирликтин ички рыногунда алып салуунун жана чектөөлөрдүн тизмеси;

- ЕАЭБ алкагында курулуш чөйрөсүндө бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногунун иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планы, ага курулуш чөйрөсүнө байланыштуу бардык кызмат көрсөтүүлөр секторуна бирдиктүү кызмат көрсөтүүлөр рыногун кеңейтүүгө байланыштуу иш-чаралар камтылат.

Ошондой эле Өкмөттөр аралык кеңеш төмөнкүлөрдү талкуулады:

- “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентинин (ББ ТР 021/2011) ветеринардык дары каражаттарынын калдыктарынын максималдуу жол берилген деңгээлин белгилөө (алар жаныбарлардан алынган кайра иштетилген, ошондой эле иштетилбеген тамак-аш азыктарында камтылышы мүмкүн) бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоорун иштеп чыгуу маселеси.

Талкуунун жыйынтыгында Өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясына (мындан ары - Комиссия) жана мүчө мамлекеттерге аталган техникалык регламенттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору боюнча ишти улантууну тапшырышты;

- Кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Казакстан Республикасынын аймагынан темир жол аркылуу ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө ташууга чектөө киргизүү маселеси. Талкуунун жыйынтыгында, Комиссияга маселени кошумча иштеп чыгуу жана анын жыйынтыгы боюнча ЭӨАКнын кийинки жыйынында отчет берүү тапшырылды.

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйыны 2021-жылдын биринчи кварталында Алматы шаарында өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу