Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга карата кошумча макулдашууга кол коюу аземи

Новости
09-Декабрь 2020-ж.
3909

2020-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга карата кошумча макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. 

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Экономика министри - Муканбетов Санжар Турдукожоевич, Корея тараптан Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Те Ёк мырза кол коюшту.

Ха Тэ Ёк мырза эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен атап айтканда, Кореянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) Өкүлчүлүгү менен кызматташуудагы ролун белгиледи жана Кошумча Макулдашуу Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы долбоордук ишин кеңейтет деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министри Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчисине жана Кореянын Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле COVID-19 тараган учурда Корея Республикасынын өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы тыгыз жана жемиштүү кызматташууга болгон ниеттерин билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу