Борбордук-азиялык региондук экономикалык кызматташуу (БАРЭК) программасынын 19-министрлер конференциясы болуп өттү

Новости
08-Декабрь 2020-ж.
3188

2020-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетов Борбордук-азиялык региондук экономикалык кызматташуу (БАРЭК) программасынын 19-министрлер конференциясына катышты. “COVID пандемиясынан кийинки шарттарда адамдарга багытталган региондук кызматташуу” аталышындагы вертуалдык иш-чарага БАРЭКке 11 мүчө-өлкөнүн министрлери жана жогорку даражалуу кызмат адамдары, ошондой эле өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Стратегиялык жана саясий жогорку деңгээлдеги орган катары, БАРЭК кызматташтык аркылуу экономикалык өсүшкө жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү үчүн 11 өз мүчөлөрүнүн ортосундагы өнөктөштүк аянтчасын камсыз кылат. Азия Өнүктүрүү Банкы (АӨБ) - БАРЭК программасынын катчылыгы болуп саналат. БАРЭКтин 11 мүчөлөрүнө Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголоия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.

Программа 2001-жылы түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 39,2 миллиард АКШ долларын түзгөн 208 региондук инфраструктураны жана соода долбоорлорун каржылаган. Мисалы, долбоорлор автомобиль жана темир жолдорунун натыйжалуулугун жогорулатууга, чек арадан өтүүнү жеңилдетүүгө жана региондогу миллиондогон адамдардын энергияга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берди. Жалпы суммадан АӨБ 14,7 миллиард доллар, башка өнөктөштөр тарабынан 15,8 миллиард АКШ доллары берилген жана БАРЭКке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөттөрү 8,7 миллиард АКШ долларын бөлгөн.

БАРЭК министрлери эки жаңы узак мөөнөттүү стратегияны бир добуштан колдошту: коопсуз жана туруктуу туризм багыттарын өнүктүрүү жана БАРЭК өлкөлөрүндө жумуш орундарын түзүү жана аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөргө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана чечимдерди кабыл алуу процессинде алардын ыйгарым укуктарын жогорулатуу боюнча гендердик стратегия.

Министрлер өзүлөрүнүн биргелешкен билдирүүсүндө пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарды жоюу боюнча БАРЭКтин аракеттерин жогору баалап, региондук кызматташуусун жана БАРЭК-2030 Стратегиясын колдой тургандыгын билдиришти. Министрлер БАРЭКтин беш артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу ийгиликтерге жетишкендиктерин белгилешти, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды артыкчылыктуу багыттардын ар бирине интеграциялоо боюнча алдыдагы санариптик стратегияны кубатташты жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн финансылык жана техникалык колдоосун белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу