“Курментыцемент” ААКны кудуретсиз деп таануу жөнүндө доо арызы берилди.

Новости
27-Август 2013-ж.
2454

Учурда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменти тарабынан, Түп районунун мамлекеттик салык кызматынын арызынын негизинде, Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна «Курментыцемент» ААКны кудуретсиз (банкрот) деп таануу жөнүндө доо арызы берилген.
Ишкананын активдерин сактап калуу максатында сот тарабынан убактылуу администратор дайындалган.

Убактылуу администратор Б.М.Мамбетовдун 2013-жылдын 26-августундагы маалыматына ылайык, ишкана 2013-жылдын январь айынан тартып иштебейт жана ишкананын жамааты (коллектив) кызмат акысы сакталбастан өргүүгө кетирилген.

Бухгалтердик баланс боюнча 2013-жылдын 1-январына карата бардык кредитордук карыздар 186040,0 миң сомду түзгөн, анын ичинде салык боюнча – 4186,6 миң сом. Ошол эле учурда ишкананын активдеринин баасы 107242,9 миң сомго бааланууда, анын ичинде негизги каражаттардын баланстык баасы 48543,9 миң сом жана дебитордук карыз - 58699,0 миң сомду түзөт.

Ишкананын активдеринин бааланышы кредитордук карыздын 78797,1 миң сомун жаба албайт.
2012-жылдын чыгымдары 28464,5 миң сомду түзгөн.
Азыркы учурда ишкананын мекеме-мүлктөрү күрөөгө коюлган (күрөө кармоочу болуп, Ислам жеке секторду өнүктүрүү банкы саналат).

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө «Курментыцемент» ААКнын цемент өндүрүүгө, казнасы сырьё катары колдонулган «Курментинское» кенин иштетүүгө лицензиясы жок.
Жана дагы, бюджет алдында карызы бар «Курментыцемент» ААК, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834-токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобонун 18-пунктуна ылайык, «Курментинское» кени боюнча конкурска жана аукционго катыша албайт, конкурска катышу үчүн, катышуучулар бюджет алдында, салык боюнча карызы жок экендигин тастыктаган аныктамасын көргөзүүсү зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу