“Жарылуу коркуну бар чөйрөдө иштөөчү жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө” техрегламентине стандарттардын тизмеси актуалдаштырылды

Новости
02-Декабрь 2020-ж.
3117

ЕЭК Коллегиясы “Жарылуу коркунучу бар чөйрөдө иштөөчү жабдуулардын коосуздугу жөнүндө” (ББ ТР 012/2012) Бажы бирлигинин техникалык регламентинин актуалдаштырылган стандарттарынын тизмесин бекитти.

Стандарттардын тизмелери ЕЭК тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен биргеликте, Бирликтин мамлекеттеринде иштелип чыккан жана колдонууга киргизилген мамлекеттер аралык стандарттардын жаңы нускаларын эске алуу менен, эксперттердин жана бизнестин катышуусунда иштелип чыккан. Киргизилген стандарттардын көбүнчөсү эл аралык (ISO жана IEC) жана регионалдык (EN) стандарттардын негизинде иштелип чыккан, бул жарылуу коркунучу бар чөйрөдө колдонуу үчүн жабдуулардын шайкештигин баалоонун бирдиктүү принциптерин белгилөөнү шарттайт.

Ошентип, стандарттардын Тизмеси техрегламенттердин талаптарын ыктыярдуу негизде сактоонун натыйжасында - 67 мамлекеттер аралык стандарттарды жана Россия Федерациясынын 14 улуттук стандарттарын камтыйт.

Методдордун стандарттарынын тизмесине 69 мамлекеттер аралык стандарттар, Россия Федерациясынын 12 улуттук стандарты кирет


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу