Экономика министрлиги транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо бекитилгени тууралуу маалымдайт.

Новости
26-Август 2013-ж.
2472

Кыргыз Республикасынын “Жердеги транспорттук каражаттардын коопсуздугу боюнча техникалык регламент” Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында, КР Экономика министрлиги тарабынан КР Өкмөтүнүн “Транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо” токтомунун долбоору иштелип чыкты.

КР “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө ” Мыйзамдын 22 беренесине ылайык КР Өкмөтүнүн “Транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо” токтомунун долбоору 2012-жылдын 2-январынан КР Өкмөт аппаратынын, Экономика министрлигинин расмий сайтына коомдук талкуулоого жайгаштырылган.
Коомдук талкуулоонун мөөнөтүндө ишкердүүлүктүн субъектилеринен, мамлекеттин жарандарынан жана башка кызыктар тараптардан сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн эместигин белгилей кетүү керек.

Бул долбоор аткаруучу бийликтин баардык мамлекеттик органдары менен макулдашылган. Мамлекеттик органдар менен тизмек түрүндө негизделип берилген сунуштар жана сын-пикирлер КР Өкмөтүнө жана Юстиция министрлигине жөнөтүлгөн.

Андан соң, “Транспорттук каражаттарды техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо” 2013-жылдын 3-майында №239 КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу