Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун атайын программасынын Башкаруучу кеңешинин (SPECA) 15-сессиясы болуп өттү

Новости
20-Ноябрь 2020-ж.
3193

2020-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетовдун төрагалыгы алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн атайын программасынын (SPECA) 15-сессиясы болуп өттү.

Аталган иш-чара БУУ АТОЭСК жана БУУ ЕЭКтин колдоосу менен видео конференцбайланыш режиминде өттү.

СПЕКАга мүчө-өлкөлөр регионалдык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты жана COVID-19 пандемиясынын жайылуусунун жагымсыз экономикалык кесепеттерин жоюу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгилешти.

Башкаруучу Кеңешинин катышуучулары СПЕКА Тематикалык жумушчу топторунда, Ашхабад демилгесинде, СПЕКАнын соода ишин жеңилдетүү стратегиясында жана туруктуу өнүгүү үчүн СПЕКА инновациялык стратегиясында Жетектөөчү Кеңештин акыркы 14-сессиясынан бери жетишилген натыйжаларды белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында Бишкек декларациясы жана СПЕКАнын Башкаруучу Кеңешинин 15-сессиясынын чечими кабыл алынды.

Өзбек тараптын демилгеси менен СПЕКА иш-чараларынын кезектеги жыйыны Өзбекстан Республикасында өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу