Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн атайын программасынын (SPECA) 15-сессиясы жана “COVID-19 пандемиясынан кийин социалдык-экономикалык калыбына келтирүүнү колдоо боюнча регионалдык кызматташуу” деген темада Экономикалык форум өтөт

Новости
18-Ноябрь 2020-ж.
3070

2020-жылдын 18-20-ноябрларында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Муканбетовдун төрагалыгы алдында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн атайын программасынын (SPECA) 15-сессиясы жана “COVID-19 пандемиясынан кийин социалдык-экономикалык калыбына келтирүүнү колдоо боюнча регионалдык кызматташуу” деген темада Экономикалык форум өтөт.

Бул жылы Форум социалдык-экономикалык калыбына келтирүүнү колдоо боюнча кыска жана орто мөөнөттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жана 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүүнүн күн тартиби жана Вена иш-аракеттер программасы сыяктуу эл аралык күн тартибинин тез арада ишке ашышына багытталган иштердин ортосундагы бири-бирин толуктап тургандыгын карайт

“Кыргызстан мындан ары да СПЕКАга мүчө өлкөлөр менен аймактык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат”, - деп баса белгиледи Санжар Муканбетов.

Ошондой эле министр COVID-19 пандемиясынын жайылуусунун жагымсыз экономикалык кесепеттерин жоюу боюнча күчтөрдү бириктирүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө калктын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү боюнча тажрыйба жана сунуштар менен бөлүштү.

СПЕКА өлкөлөрү соода-транспорттук байланыштарды бекемдөө боюнча тийиштүү регионалдык жана эл аралык келишимдерге кошулуу маселесин карашы күтүлүүдө, мисалы, Азия-Тынч океан соода келишими, Чек арадагы кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү жөнүндө алкактык макулдашуу, Азия автомобиль жолдорунун тармагы, трансазиялык темир жолдордун тармагы жана “кургак порттор” жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу 

СПЕКА өлкөлөрү ресурстарды мобилизациялоо аракеттерин каржылоонун инновациялык стратегияларын, ошондой эле санариптештирүүнү жана инновацияны кеңейтүүгө багытталган улуттук стратегияларын жана иш планын иштеп чыгууну талкуулашат.

2020-жылдагы СПЕКА Экономикалык форумунун сунуштары 2020-жылдын 20-ноябрында СПЕКАнын Башкаруучу Кеңешинин 15-сессиясында кабыл алынат.

Маалымат үчүн: Бириккен Улуттар Уюмунун атайын Борбордук Азиянын экономикалары үчүн программасынын (СПЕКА) 1998-дүйнөлүк экономикага Борбордук Азия жана анын сакталышы боюнча суб-региондук кызматташтыкты күчөтүү үчүн киргизилген. СПЕКА өлкөлөрү Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. ЭСКАТО жана БУУ ЕЭК биргеликте СПЕКAнын ишин колдошот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу