ISO/IEC 17025-2017 стандартынын жаңы версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу СМБнын калибрлөө лабораторияларында инспекциялык көзөмөлү

Новости
16-Ноябрь 2020-ж.
1946

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун маалымдама-калибрлөө лабораториялары онлайн - режиминде Германиянын DAkkS эл аралык таанылган органы тарабынан инспекциялык контролдон өттү, эл аралык ISO / IEC 17025-2017 “Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө жалпы талаптар” эл аралык стандартынын жаңы редакциясына ылайык оң натыйжа берди. 

Аккредитациянын болушу КР ЭМ караштуу СМБнын эталондук лабораторияларына өзүнүн техникалык компетенттүүлүгүн жана ченөө түрлөрү боюнча статусун тастыктоого мүмкүндүк берет. Ошентип, биздин республиканын калибрлөө, сыноо жана өндүрүш лабораторияларына коюлган эл аралык талаптарга ылайык, сапаттуу калибрлөө кызматын алуу үчүн шарттар түзүлүп жатат, бул биздин өлкөдө жүргүзүлгөн өлчөө жана сыноолордун натыйжаларын эл аралык деңгээлде таанууга өбөлгө түзөт.

Азыркы учурда инспекциялык контроль аяктады, башкаруу тутуму боюнча инспекциялык көзөмөлдүн натыйжалары боюнча (жалпы талаптар, түзүмгө, ресурстарга, процесстерге талаптар), стандарттын жаңы версиясына өтүү жүргүзүлдү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу