КР Экономика министри, СУАРдын губернаторунун орун басары менен жолугушууда регионалдык өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Новости
03-Сентябрь 2013-ж.
2342

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Темир Сариевдин Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында Ишкерлердин соода-өндүрүштүк форумуна катышуу үчүн, КЭРдин Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында КЭР СУАРдын губернаторунун орун басары, “Кытай-Евразия” ЭКСПОнун аткаруу комитетинин төр агасы Ши Даган мырза менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (КЭР СУАР) соода-экономикалык мамилелерин жана мындан аркы алга жылуу маселелерин талкуулашты. Ушул жылдын ноябрь айында КЭРдин Үрүмчү шаарында кезектеги Өкмөт аралык комиссиясынын отуруму боло турганын белгилешти.

Жолугушууда, КР жана СУАР территориясында долбоорлорду биргелешип түзүп чыгууну эске алуу менен бирге регионалдык өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу