АОЖ түзүү - аккредитациялоо чөйрөсүндөгү милдеттердин кеңири спектрин чечүүгө өбөлгө түзөт

Новости
06-Ноябрь 2020-ж.
2025

2020-жылдын 3-ноябрында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аккредитация боюнча органдарынын жетекчилеринин кеңешинин бешинчи жыйыны болуп өттү. Кыргыз Республикасынын атынан Жетекчилер кеңешинин мүчөсү катары - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун директору Чапаев Жаныбек Жумабекович сөз сүйлөдү.

Бешинчи жолугушууда, шайкештикти баалоо органдарынын аккредитациялоо жол-жоболорунун натыйжаларын өз ара таануу, ак ниетсиз органдар тарабынан шайкештикти баалоо документтерин берүү иши, ЕАЭБ аймагында “кооптуу” өнүмдөрдүн жүгүртүлүшүнүн алдын алуу менен байланышкан негизги проблемалар талкууланды. Биримдиктин өлкөлөрүнүн аккредитация боюнча органдарынын өз ара салыштырма баалоолорду жүзөгө ашыруу тартибин жеткире иштеп чыгууга көңүл бөлүндү, алар улуттук аккредитациялоо системаларынын эквиваленттүүлүгүн таануунун жана улуттук тутумдарда колдонулуучу жол-жоболордун тең салмактуулугуна жетишүүнүн инструменти болуп саналат.

Жыйындын жүрүшүндө ЕЭК министри Виктор Назаренко билдиргендей, аккредитация шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүнүн жана алардын ишинин жыйынтыктарынын аныктыгын камсыздоонун гаранты болуп саналат.

Аккредитациялоо тармагындагы эрежелерди жана ыкмаларды шайкеш келтирүү максатында отурумдун катышуучулары аккредитациялоо жаатында региондук уюмду түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. АОЖ түзүү аккредитация чөйрөсүндөгү милдеттердин кеңири спектрин чечүүгө, тараптардын аккредитациялоо системасын өнүктүрүүгө, эл аралык-таанылган принциптерге ылайык, мамлекеттер аралык соодада ж.б. техникалык тоскоолдуктарды четтетүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтөт. Жетекчилер Кеңешинин мүчөлөрү Беларуссиянын аккредитациялоо боюнча органы тарабынан иштелип чыккан шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишине болгон даттанууларды кароонун натыйжалары жөнүндө тараптарды маалымдоо тартибинин долбоорун талкуулашты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу