Газ өткөргүчтөрүн долбоорлоодо, курууда жана пайдаланууда стандартташтыруу боюнча документтердин долбоорун иштеп чыгуучу ТК 34 техникалык комитети түзүлдү

Новости
05-Ноябрь 2020-ж.
2204

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүн куруу жана эксплуатациялоо боюнча кызматташуу жөнүндө Макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” Инвестициялык макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 515 “Кыргызстан-Кытай” газ өткөргүчүн куруу” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” (ТКГП) жоопкерчилиги жектелген компаниянын филиалы менен биргеликте Кыргыз Республикасында “Газ өткөргүчтөрүн куруу жана эксплуатациялоо” ТК 34 стандартташтыруу боюнча техникалык комитетти түзүү боюнча иштерди жүргүздү.

ТК 34 КР “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына жана КМС 1.6 КР “Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу улуттук системасы. Стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер. Билим берүү жана иштөө тартиби. Негизги жоболор” Улуттук стандартына ылайык түзүлгөн. 

ТК 34 негизги милдеттери болуп газ түтүктөрүн долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо стандартташтыруу боюнча документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу, бул жаатта эл аралык, регионалдык жана кытайлык стандарттарды (документтерди) кабыл алууга көмөктөшүү ж.б. саналат.

ТК 34 курамына СМБ, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, “Кыргызгипрострой” ААК Долбоорлоо Институту, ТКГП жана ушул тармактын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү киргизилген.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу