Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде пандемия учурунда экономиканын жабыр тарткан тармактарын калыбына келтирүү, чакан жана орто бизнести колдоо механизмдерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

Новости
04-Ноябрь 2020-ж.
2226

2020-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов пандемия учурунда экономиканын жабыр тарткан тармактарын калыбына келтирүүгө, чакан жана орто бизнести колдоо механизмдерин иштеп чыгуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан сентябрь айына чейинки мезгилде жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын талкуулоодо түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчылары жүргүзүлгөн иштер боюнча отчёт беришти.

Андан соң министр тарабынан экспорттук потенциалды жогорулатууга багытталган комплекстүү колдоону караган мамлекеттик программаны иштеп чыгууну сунушталды.

Экономикалык саясатты изилдөө институту (БУУӨП-АӨБ долбоору) тарабынан жүргүзүлгөн аялуу топтордун арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо чакан бизнес ээлеринин көпчүлүгү пандемия учурунда берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабардар эмес экендигин көрсөттү. 

Ушул маалыматтардын бардыгы коомдо тутумдук институттардан колдоо табуу үчүн чакан мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин мүнөздөйт.

Сөз төмөнкү жардамдар жөнүндө болууда:

- каржылоону тартуу (инвестициялар, гранттар);

- ишканаларда корпоративдик башкаруу принциптеринин потенциалын жогорулатуу жана өнүктүрүү;

- продукцияны сертификациялоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу;

өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана экспортту илгерилетүү.

Максаттуу тармактар төмөнкүлөр:

1. Тамак-аш өндүрүү (суусундуктарды кошкондо);

2. Текстиль өндүрүшү; кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарын өндүрүү;

3. Жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүү; басып чыгаруу иши;

4. Фармацевтик продукцияны өндүрүү;

5. Машиналардан жана жабдуулардан башка негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү;

6. Компьютер, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү;

7. Электр жабдууларын өндүрүү;

8. Курулуш;

9. Мейманкана жана ресторандардын иштери;

10. Соода;

11. Билим берүү;

Экономика министрлиги экономиканын өсүшү жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу мамлекеттик орган катары чакан жана орто бизнести колдоого багытталган иш-чараларды иштеп чыгат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу