Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкрот иштери боюнча департаменти “Кадамжай сурьма комбинаты” ААКнын атайын администраторун дайындоого конкурс жарыялайт

Новости
03-Ноябрь 2020-ж.
6773

Кыргыз Республикасынын “Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинин 7-пунктуна жана 27-21-беренесинин 7 жана 8-пункттарына ылайык кредитор (кредиторлор), карызкор, ошондой эле каалаган адам администратор болуп дайындоо үчүн өзүнүн талапкерлигин өз алдынча сунуштоого укуктуу.

Конкурска банкроттук иши боюнча мамлекеттик органдын лицензиясы бар адамдар катыша алышат.

Арыз берүүчүлөр (лицензиаттар) мамлекеттик органга администратор дайындоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Дайындоо жөнүндө өтүнүч берген Кредитор (кредиторлор) жана карызкор да тиешелүү жактын жазуу жүзүндөгү макулдугун берүүгө тийиш.

Конкурска катышуу үчүн арыз берүүчүлөр төмөнкүлөрдү тапшырышы керек:

мурунку объекттерде администратор катары иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат;

“Кадамжай сурьма комбинаты” ААКсын оңдоо боюнча сунуштар.

Маалымат катары: Кадамжай сурьма комбинаты металл сурьмасын (14 түрүн чыгарат) жана анын кошулмаларын чыгарууга адистешкен.

90-жылдардын аягынан тарта өндүрүш төмөндөп, 2014-жылдан тартып комбинат иштебейт.

Өндүрүш Баткен аймагында жайгашкан сурьма кенинин негизинде жүргүзүлгөн. Кенди пайдалануу 1934-жылы башталган жана 2004-жылга чейин жүргүзүлгөн. Акыркы жылдарда комбинат Россия жана Тажикстанда сурьманы өндүрүү үчүн руданы сатып алган.

2020-жылдын 25-февралында Баткен облусунун Райондор аралык сотунун чечими менен “Кадамжай сурьма комбинаты” ААК банкрот деп табылган жана атайын администрациялоо жол-жобосу дайындалган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-феалындагы № 99 “Кадамжай сурьма комбинаты” ААК “В” категориясы (маанилүү объектилер) бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Стратегиялык объектилеринин тизмесине киргизилген.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте “Кадамжай сурьма комбинаты” ААК сатып алуу үчүн артыкчылыктуу укукка ээ.

Банкроттук процессинин башталышында кызматкерлердин саны 253 адамды, азыркы учурда - 80 адамды түзгөн.

Бүгүнкү күндө кредитордук карыздын жалпы суммасы 413188,8 миң сомду түзөт.

Мүлктүн баланстык наркы -360614,6 миң сом. Мүлккө баа берүү жүргүзүлгөн эмес.

Конкурс эки этапта өткөрүлөт:

1) квалификациялык тандоо, документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин текшерүү (администратор катары беш объектти, анын ичинде активдер менен камсыздалган эки объектиге дайындалган талапкерлер экинчи этапка киргизилбейт);

2) конкурстук комиссия менен аңгемелешүү (өткөрүү датасы кошумча жарыяланат).

Администраторлукка дайындоо үчүн талапкерлердин конкурсун өткөрүүдө, администратор катары иштеген стажы, банкроттук жөнүндө мыйзамдарды, мурунку объектилердеги администратордун ишинин натыйжаларын билүүсү, ошондой эле банкроттук жол-жобосун жүргүзүү боюнча берилген планы жана сунушу эске алынат.

Арыздар (өтүнүч) 2020-жылдын 6-ноябрына чейин төмөнкү дарек боюнча берилиши керек: Чүй пр, 106, КР Экономика министрлиги, 106-каб.

Сурап-билүү тел.: (0312) 62-05-35 (кош. 223). 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу