Ак кантты алып келүүгө сезондуу бажы алымын киргизүү маселеси боюнча Экономика министрлиги түшүндүрмө берет:

Новости
09-Сентябрь 2013-ж.
2440

Кыргызстандын кызылчачылар ассоциациясынын бир катар кайрылууларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-февралындагы №2752-V токтомун аткаруу үчүн министрлик тарабынан «Кыргыз Республикасынын бажы аймагына алып келинүүчү ак кантты алып кирүүнүн (импорттоонун) сезондуу бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору демилгеленген.

Бул долбоор товардын бажылык наркынан 30% өлчөмүндө ак кантты Кыргыз Республикасына алып келүүгө сезондуу бажы алымдарын белгилөөнү караштырат.
Белгилеп кетчү нерсе, алымды кант кызылчасын иштетүү жана катты өндүрүү сезонуна, 6 айдан ашпаган мөөнөткө киргизүү сунушталууда. Мында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, эркин соода зоналары жөнүндө макулдашууларга ылайык КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймагынан келип чыккан жана алынып келинген кантты импорттоодо алым алынбайт.

Республикага алып келинүүчү ак кантка карата колдонуудагы бажы алымынын нолдук ставкасын сактоодо, кызылча өстүрүүчү чарбалар корголбой калууда. Жалпысынан, республика боюнча кант кызылчасын өстүрүү менен 4000 ашык фермердик чарбалар иштөөдө, алар 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматтарына ылайык 7,3 миң гектарга кант кызылчасын себишкен (өткөн жылдын деңгээлинен 1,2 миң гектарга жогору) жана 200 миң тонна кызылчаны казып алуу пландаштырылууда.

Жетишилген макулдашууларга ылайык кант заводдору негизинен фермердик чарбалар менен кант кызылчасын бергендиги үчүн 1 тонна кант кызылчасынын ордуна 71 ден 78 кг кантты эсептеп даяр продукция менен төлөп беришет. Ата мекендик канттын жогору өздүк наркынын жана айрыкча арзан импорт тарабынан жогорку атаандаштыктын кесепетинен фермердик чарбалар өз продукциясын сатып өткөрүүдө кыйынчылыктарды тартууда, жана анын натыйжасында, алынган кредиттерди, анын ичинде товар түрүндө (үрөндөр, күйүүчү-майлоочу материалдар) алынган кредиттерди төлөө мүмкүндүгүнө ээ болбостон, ири чыгымдарга дуушар болушууда.

Буга байланыштуу ата-мекендик өндүрүүчүлөр жана кантты импорттоочулар үчүн ички рынокто бирдей атаандаштык шарттарын түзүү жана коргоо максатында сезондо республикага алынып келүүчү тросниктен алынган кантка импорттук бажы алымдарын белгилөө түрүндөгү мамлекеттик кийлигишүү зарыл.

Ошентип, сунушталуучу чаранын негизги максаты кант кызылчасын өстүрүү менен иштеген фермердик чарбаларды колдоо болуп саналат.
Алымдар республикага алып келинүүчү кант кызылчасынан алынбаарын, ошондой эле ата-мекендик кант заводдорунун өндүрүшүнүн пландалган көлөмдөрүн (30 миң тоннага жакын) эске алсак, ички рынокто кантка болгон баалардын өсүшү үчүн объективдүү факторлор жок.

Мында белгилеп кетчү нерсе, 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында республикага алып келинген канттын орточо бажылык наркы 32,7 сом/кг түзгөн.
Ошол эле мезгилде, ички рынокто кантка болгон чекене баа 47,47 сом/кг түзгөн, б.а. алып келинүүчү кантка карата кандайдыр бир алымдар жок болгон шарттарда ички рыноктогу чекене баа алып келинүүчү канттын баасынан 45%га жогору, бул кантты импорттоочулардын ишинин жогорку рентабилдүүлүгүн белгилейт. Кантты керектөөчүлөр ассоциациясынын бушайман болушу, бардыгынан мурда, кантты алып келүүгө алым киргизилсе, алардын Кыргыз Республикасына импорттук кантты ташып келүүдөн алган пайдасынын ири бөлүгүн жоготооруна байланыштуу.

Ошону менен бирге, Өкмөттүн ишинде ички рынокто бирдей атаандаштык шарттарын камсыз аркылуу айыл чарба өндүрүүчүлөрү сыяктуу эле кайра иштетүү өнөр жайынын ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо приоритеттүү болуп саналат жана импорттук алымдар дүйнөнүн бардык өлкөлөрү тарабынан улуттук өндүрүүчүлөрдү чет өлкөлүк атаандаштыктан коргоо үчүн колдонулат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу