Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы моделдөө боюнча тренинг болуп өттү

Новости
02-Октябрь 2020-ж.
2182

Жашыл экономиканы өнүктүрүү демилгесин илгерилетүүнүн алкагында, Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги GIZ Германия эл аралык кызматташуу коому жана БУУӨП менен биргеликте Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын ишке ашырууга түздөн-түз катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлерине Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы моделдөө боюнча тренингин өткөрдү. Ошондой эле бул тренингде илимий-окутуучулук курамдын жана башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Экономика министринин орун басары А.Алыбаев өзүнүн саламдашуу сөзүндө, мамлекетке жашыл экономиканын принциптерин киргизүүнүн актуалдуулугун, пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин керектигин жана саясаттын чараларын иштеп чыгууда моделдөө системасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тренингдин жүрүшүндө теориялык негиздер жана жашыл экономика моделин түзүүдөгү инструменттер түшүндүрүлүп, тармактар боюнча (өнөр жай, айыл-чарба, туризм, климат ж.б.) талдоо жүргүзүлдү, ошондой эле моделдөө программасын иш жүзүндө колдонуу көрсөтүлдү.

Жашыл экономиканы куруу моделин түзүү, өнүгүүнүн ар кандай сценарийлерин иштеп чыгууга мүмкүндүк берет, алардын ичинен учурдагы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен өлкөнүн артыкчылыктарына жана абдан керектүү болгон тийиштүү сценарийлерди  тандоого мүмкүндүк болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу