КР Экономика министрлигинде мамлекеттик тил күнүнө карата китеп сүйүүчүлөргө арналган иш-чара өттү

Новости
02-Октябрь 2020-ж.
2023

2020-жылдын 1-октябрь күнү КР Экономика министрлигинде Министрликтин статс-катчысы А.О.Шаршеев жана министрдин орун басары А.Ш.Алыбаев, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын башкы адиси А.Супатаеванын катышуусунда мамлекеттик тил күнүнө карата китеп сүйүүчүлөргө арналган иш-чара өттү. Иш-чаранын негизги максаты китеп окуу менен мамлекеттик тилде иш алып баруудагы жеңилдиктер, кызматкерлердин сөз байлыгын көбөйтүү жана китеп окуу маданиятын жайылтуу болду. Иш-чарага «Шанс» китеп дүкөнү катышып, кызматкерлердин тил байлыгын өстүрүүгө дем берүүчү китептерден алып келип, китеп окурмандарын кызыктырган китептер менен камсыздашты. «Шанс» китеп дүкөнүнүн чечен жигити Сүйүн Калчаев басмаканадан жаңы басылып чыккан китептер тууралуу кызыктуу маек куруп берди.

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тил адиси М.Чалбаева бул иш-чара мындан ары да улантыла бере тургандыгын, жана министрликтин кызматкерлеринин китепке кызыгуусу мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошо турганын  белгилеп кетти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу