Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү, майрамыңыздар менен!

Новости
01-Октябрь 2020-ж.
2224

Жыл сайын 1-октябрда КР Экономика министрлигинде салтка айланган иш-чара өткөрүлүп келет.

Статс-катчы А.Ө.Шаршеев пенсионерлерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен куттуктап, беклектерди тапшырды.

А.Ө.Шаршеев куттуктоо сөзүндө Улгайган адамдардын эл аралык күнү өзгөчө дата экендигин баса белгиледи. Бул күнү биз улуу муундун эмгегин расмий белгилеп, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Алар биздин улуттук каада-салтыбызды сыйлаган таянычыбыз жана эмгекчил, жогорку адеп-ахлактуу жаштарды тарбиялоодо ачык-айкын мисал болуп саналат.

Биз ар дайым улгайган адамдарды урматтап, сыйлап, аларга татыктуу көңүл бурушубуз керек.

А.Ө.Шаршеев “Улгайган адамдарга көңүл буруу жана кам көрүү” айлыгын уюштуруу жана өткөрүү COVID - 19 коронавирус инфекциясынын өзгөчө режимин эске алуу менен жүргүзүлүшү керектигин өкүнүч менен белгиледи.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу