Экономика министрлигинде «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Новости
14-Август 2013-ж.
2527

"IMG2013 - жылдын 15 - августунда министрликтин чоң залында министрликтердин, ведомстволордун, өкмөттүк эмес уюмдардын жана бизнес структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Мыйзамдын талаптарын практикалык колдонуу процессинде (9 жылдын ичинде) техникалык жөнгө салуу системасынын укук талаасында кемчиликтердин бар экендиги билинген жана алдыдагы Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүүсү кыргыз тараптан улуттук мыйзамдардын Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасынын талаптарына шайкеш келүүсүн талап кылат. Бул кемчиликтерди жоюу жана шайкеш келтирүү Мыйзамдын текстине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү абзел. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Бажы уюмуна кирүү тууралуу Жол картасынын техникалык жөнгө салуу бөлүгүндө жана Кыргыз Өкмөтүнүн 2013 - жылдын мыйзам чыгаруу Планына киргизилген (КРӨ №36 24.01.2013 жылдагы токтому менен бекитилген)

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негизги максаты техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө укуктук ченемдерди тактоо, Мыйзамдын жоболорунун кээ бир так эместиктерин жоюу, эл аралык практикага ылайык толуктоо жана Бажы союзунун келишимдик-укуктук базасына шайкеш келтирүүдө турат.

Мыйзам долбоору Мыйзамдын, техникалык жөнгө салуу объекттеринин, түшүнүктүк аппараттын, стандартташтыруунун, шайкештикти тастыктоонун, мамлекеттик көзөмөлдүн, мыйзамдын өтмө жоболорунун жана башкалардын иш чөйрөсүнө таандык бир катар өзгөртүүлөрдү караштырат.

Талкуулоо убагында түшкөн алымча - кошумчалар жана сын - пикирлер мыйзам долбоорунун акыркы редакциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүү учурунда жумушчу топ тарабынан эске алынат жана ушул кошумча толуктоолор техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулган ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды алып салууга шарт түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу