Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду

Новости
01-Октябрь 2020-ж.
3360

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын 28-29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков расмий иш сапары менен Венгрияга барган, анын алкагында Экономика министрлиги аркылуу эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлган.

Кыргыз тараптан расмий документтерге КР Экономика министри С.Т.Муканбетов кол койгон.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда кош салык салууну четтетүү тууралуу Макулдашуу.

Аталган Макулдашуунун негизги милдети бир мамлекеттин резидентин экинчи Макулдашкан мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык салуудан качууга жол бербөө болуп саналат.

Аталган Макулдашуу Венгриялык компаниялардын Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүүсүнө мүмкүнчүлүк берет, бул мындан ары экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү жана инвестицияларды көбөйтүүгө шарт түзөт.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү жөнүндөгү Макулдашуу.

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы эки тараптуу инвестициялык келишим эки өлкөнүн ортосунда инвестицияларды кеңейтүү жана коргоо шарттарын карайтатап айтканда, өлкөнүн өз аймактарындагы инвесторлордун алдында жана алардын инвестицияларына карата толук коргоону жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттенмелери.

Бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасына инвестициялардын кыйла өсүшүнө олуттуу таасирин тийгизет.

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосунда экономиканы санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Меморандум санариптик экономиканын экспортко багытталган секторун өнүктүрүүгө байланыштуу саясатты, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба жана мыкты тажрыйбаларды алмашууну карайт.

Мындан тышкары, аталган Меморандумдун алкагында кызматташуунун негизги багыттарынын бири болуп, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жана экспортту өнүктүрүү жаатындагы санарип долбоорлорду башкаруу саналат.

Ошондой эле иш сапардын алкагында кыргыз-венгр бизнес форуму болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т. Муканбетов сөз сүйлөдү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу